"Мындай чечимди кантип кабыл алышы мүмкүн? Сөз жок". Александр Лукашенко Орусия чек араны жаап салганы боюнча оюн айтты

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен чек ара маселесин талкуулай турганын билдирди. Бул тууралууу Беларусь өлкөсүнүн маалымат булактары жазып чыкты.
"Мындай чечимди кантип кабыл алышы мүмкүн? Сөз жок. Бул мен үчүн түшүнүксүз. Баарынан кызыгы, чек араны жабуу өкмөттүн иши эмес. Бул чечимди өлкөнүн президенти гана кабыл алышы керек болчу", - деп билдирген Лукашенко.
Бул маселе боюнча Владимир Путин менен байланышпаганын, бирок телефон аркылуу сүйлөшүү пландалганын билдирген.
Маалыматка ылайык, коронавирус чуусунан улам Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Беларусь өлкөсү менен болгон чек ара жабылганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:9
2025-07-07
14:01
2025-07-07
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
baisogur

16.03.2020. 19:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул Эркек киши эч бир олкого такабайт
baisogur түзөттү 2020-03-16 20:04:38
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.