super.kg logo

Адамдар бири-бирине жардам беришүүдө. Бүгүн бишкектиктерге 15 миң бет кап ыктыярчылар тарабынан таратылды

 

Адамдар бири-бирине жардам беришүүдө. Бүгүн, 19-мартта бишкектиктерге 15 миң бет кап ыктыярчылар тарабынан таратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурмандар билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияны Santo фармацептикалык компаниясы уюштурган.

"Кыргызстанда жок дегенде бир жолу болгон чет элдик жарандар кыргыз элинин ак көңүл жана меймандостугуна баа берип келишет. Кимдир бирөө финансылык жактан болобу же жөн гана жылуу сөзгө муктаж болобу ар дайым жардамга кол сунаарыбыз эч кимге сыр эмес. Бул биз үчүн табигый эле көрүнүш", - деп билдиришет компаниядан.

Мындан улам бүгүн, Santo компаниясы акысыз бет кап таратууну чечти. Бул баарына жеткиликтүү жана ачык айкын белги деп ойлойбуз. Биз бирге баарын чогуу чечебиз. Адамдар адамдарга жардам беришүүдө деген башкача болуп жатабы деп билдиришет компаниянын өкүлдөрү.

Santo компаниясы коомчулукка болуп жаткан маанилүү күндөрү өз жоопкерчилигин сезип, калкка жардам берүүгө өз ресурстарын багыттайт.

Компания дагы бир жолу коронавирустан сактануу жана коргонуу жолдорун эскертет. Өтүнүч сунуштамаларды сактагыла.

1. Колуңарды таза кармагыла. Бат-баттан самындап жууп, дезинфекцияланган каражаттарды колдонгула. Тамак алдында сөзсүз колуңарды жуугула.

2.Колдон келишинче оозуңарды, мурдуңарды көзүңөрдү колуңар менен кармабагыла.

3.Жумушта үзгүлтүксүз компьютердин клавиатурасын, телефондун экранын, пульту жана жалпы колдонулуучу уюштуруучу техникалардын панелин тазалап тургула.

4.Жаныңарга дайыма утурумдук кагаз салфетка сала жүргүлө. Чүчкүрсөңөр же жөтөлсөңөр оозуңарды жана мурдуңарды кагаз майлык менен жапкыла.

5.Антисептикалык каражаттар дайыма жаныңарда болсун. Кандай гана жерде болбогула колуңарды тазалоого керектелет.

6.Бөлмөнү бат-баттан желдеткиле.

7. Балдарыңарга коронавируска карата профилактикалык иштер жөнүндө түшүндүргүлө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
19.03.2020. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өзгөндө борбордук базарда катар катар колдоруна камап алышып кара масканы 100 сомдон сатып жатышат.Ушуга окшогон кызыл кулактардын тыя тургандар барбы?
19.03.2020. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
titanik32, 100 сомдон сатса албай эле койгула, банкрот болот.
19.03.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Santo компаниясына ыраазычылык билдиребиз уй-булообуздун атынан.
Ушундай учурда элге кол сунган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: