super.kg logo

Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 20-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе...

 

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6 жаранга жетти.

Буга чейинки 3 жаран Сузак районунун тургундары болушса, жаңы катталган учурдагы 3 жаран Ноокат районунан болушат. Булар да 12-мартта Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратынан башка аба каттамы менен кайтып келишкен. Тагыраагы Кувейт аркылуу үчөө эки башка каттамда Ошко учушкан. Коронавирус жуктургандар аялдар, алар 67, 71 жана 77 жашта. Коронавирус жуктургандар болгон Жида-Ош каттамында баары 282 жүргүнчү болгон.

Ноокат районунда өзгөчө кырдаал киргизилди. Жаӊы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына 35 жерге блокпосттор коюлду.

Коронавируска байланыштуу абалдан улам Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине 30 миллиард сомго жакын акча түшпөй калары мүмкүн экенин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ош шаарындагы коомдук транспорттор токтотулуп, кафелер жана парктар жабылды. Жалал-Абад шаарында эртең, 21-марттан тартып маршруттук каттамдар токтотулат.

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат.

18-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

19-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
21.03.2020. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр келдиби??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: