Кыргызстанда бензин кайрадан кымбаттады
Кыргызстанда бензин кайрадан кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстан мунай сатуучулар ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. АИ-80 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 0,5 тыйынга, АИ-92 0,6 тыйынга, АИ-98 0,2 тыйынга кымбаттады. Дизелдин баасы мурдагыдай бойдон калды. Эске салсак, орусиялык мунай иштетүүчү заводдор күйүүчү-майлоочу майга карата бааны 25 пайызга көтөргөн. Буга байланыштуу өткөн аптада Кыргызстанда бензиндин баасы 2 ирет жогорулаган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

