super.kg logo

Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 22-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе...

 

22-марттын эң башкы окуясы өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгени болду. Өзгөчө кырдаал убагында жарандар өзүн кантип алып жүрүү керек экенин билгиңиз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өзгөргөн жок. Ал көрсөткүч 21-марттагы 14 жаран (6 эркек, 8 аял) бойдон. Бейтаптардын жаш-курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер. Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки жарандын абалы орточо оор, дене табынын көтөрүлүшү – 38°С, кургак жөтөлү бар. Ал эми калган 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Кыргыз өлкөсүнүн чек арасынан өткөн жактарга карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү. Эми чет жактан келген жарандар 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүлөт. Буга чейин коронавирустун белгилери жок болгон учурда гана үй карантинине жиберилчү.

Эл аралык "Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу өлкөгө келген жүргүнчүлөр коронавирусту алдын ала аныктоо жана анын жайылышына жол бербөө үчүн 14 күндүк карантинге алынат.

Ысык-Көлдө адамдардын жана унаа каражаттарынын кирип, чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырууну сунуштады.

23-марттан баштап интернет өчөт деген маалымат калп.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: