Жалал-Абад. Борбордук аянттагы желек алмаштырылат
Жалал-Абад шаарынын борбордук "Эркиндик" аянтындагы мамлекеттик желек 29-августта алмаштырылат. Муну бүгүн, 27-августта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекеттик желекти жаңылоо иш-чарасы оркестрдин коштоосунда өтөт. Ага шаар бийлиги, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, студенттер катышат. "Мыкты мектеп окуучулары желекти илүүгө жардамдашат",- дейт мэриянын аппарат жетекчиси Талант Исмаилов.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

