super.kg logo

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарын өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди

 

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул чечим Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынды.

"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө", "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" мыйзамдарына ылайык өкмөт төмөнкү чечимдерди кабыл алды.

Ушул токтом расмий жокко чыгарылганга чейин фармацевттик жана ишкердик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилди.

Мындан тышкары ушул токтомго ылайык, медициналык бет каптарды лицензиясы жок жана мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга убактылуу уруксат берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: