Талас. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Ысык-Көлдө дарыланып келишти
Таластагы мүмкүнчүлүгү чектелген 10 бала Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Ак-Суу курортунун балдарды
реабилитациялоо бөлүмүндө 10 күн дарыланып келишкен. Балдардын жол кирелери жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөндү. Ал эми калганы ата-энелери тарабынан каржыланды. Бул маалыматты Талас шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Кыдырбаева Турсун Жумабековна берди. “Буюрса, келерки жылда да бул жөрөлгөнү улантмакчыбыз” дейт ал. Белгилей кетчү нерсе, Ак-Суу курортундагы
ысык суу бир топ дарылык касиети менен өлкөгө таанылган.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















