super.kg logo
  Спорт  

Майк Тайсон карьерасындагы эң ыңгайсыз атаандашын атады

 
Тайсон-Рибальта беттеши

Легендарлуу америкалык мушкер, бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн экс-чемпиону Майк Тайсон өзүнүн карьерасындагы эң ыңгайсыз атаандашын айтты. Бул тууралуу ал америкалык "Ibtimes" басылмасына берген маегинде билдирген.

"Менин карьерамдагы эң ыңгайсыз атаандашым Хосе Рибальта болду. Мен бул мушкер менен болгон беттеште күчтүү, таамай соккуларды узатып жаттым. Ал менин соккуларымды кабыл алып, кайра эч нерсе болбогондой беттешти уланта берчү. Ал менин маңдайымда абдан күчтүү болуп турчу", - деп билдирген легендарлуу мушкер.

Маалыматка ылайык, Тайсон-Рибальта беттеши 1986-жылы 17-августта АКШнын Нью-Жерси штатынын Атлантик Сити шаарында өткөн. Бул беттеш 10 раундга созулуп, Майк Тайсон 10-раундда техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
27.03.2020. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынында аябай кучтуу болчу Рибальта
27.03.2020. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kuyoo_bala,бирге машыккандай айтыпсынго
27.03.2020. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Холифилд менен беттешинде чыдабай кулагын тиштеп алган го. Менимче эң ыңгайсыз Холлифилд болсо керек, просто уялып айтпайт да Майк байке) + жеңилген.
27.03.2020. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайран Тайсон карыптыр легенда, мындай боксёр эми чыкпаса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: