Орусиялык ырчы Игорь Николаев коронавируска шектелип, ооруканага түштү. Абалы оор деп бааланууда

Маалыматка ылайык, 60 жаштагы ырчы Москвадагы Коммунарка жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Анын учурда абалы орто оор деп бааланып, дене табы жогору экендиги айтылууда. Николаев коронавирусту аныктоо үчүн тест тапшырган. Тесттин жыйынтыгы азырынча чыга элек.
Эске салсак, кечээ, 26-март күнү 76 жаштагы орусиялык ырчы Лев Лещенконун коронавируска кабылганы аныкталган. Айрым маалымат булактары Игорь Николаев Лев Лещенко менен телевидениеге барганда жолукканын жазышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.