Эл аралык валюта фонду коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 120 миллион 900 миң доллар бөлдү

Эл аралык валюта фонду коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 120 миллион 900 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып жатышат.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков буга чейин ЭВФден коронавирустун алдын алуу үчүн каржылык колдоо өтүнүчү менен кайрылган.
"Бул өтүнүчтү канааттандырып, ЭВФтин аткаруучу кеңеши Кыргыз өлкөсүнө 120 миллион 900 миң доллар бөлүп бермей болду", - деп айтылат маалыматта.
Бул Эл аралык валюта фондунун пандемия башталгандан бери алгачкы жолу акча бөлгөнү болуп саналат. Акчаны Кыргыз өлкөсү финансылык тармагын бекемдөөгө жана саламаттыкты сактоо жаатына колдонот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сокенин акаляры уколяры курулай мактап жатышат