super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү маалымат жыйын берди. Дагы 14 адам коронавирус жуктурду (видео, хронология)

 

Бүгүн, 27-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-03-27 14:35

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова чет өлкөлөрдө 5 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1, Пакистанда – 3 жаран жана Испанияда - 1. Алар жеринде дарыланып жатат.

2020-03-27 14:28

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси коронавирус жуктурган 14 адам обочолонгон адамдардын арасында болгонун айтты. "Алар атайын медицина кызматкерлеринин кароосунда болчу. Ошонун негизинде лабораториялык изилдөөлөр алынган", - дейт ал.

2020-03-27 14:22

Айнура Акматова түнкү убакта иштеп жаткан медицина кызматкерлери график боюнча иштеше турганын билдирди. "Алар жумуш ордуларын таштап кетүүгө болбойт. Вирустун жайылуу коркунучун алдын алуу үчүн алар жеке коргонуу каражаттары, транспорт жана керектүү зарыл каражаттар менен камсыздалышкан", - дейт Акматова.

2020-03-27 14:19

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси шаардын бардык райондорунда дезинфекциялоо иши жүрө турганын билдирди. 

2020-03-27 14:15

Айнура Акматова Кыргыз жараны Орусиядан коронавирус жуктуруп алса, ал жактан дарылана турганын айтты.

2020-03-27 14:11

"Саламаттыкты сактоо министрлиги буйрук чыгарды. Улуттук госпиталь 8 микроавтобус алып, кызматкерлерин жеткирип жатат. Бишкек шаарынын мэриясы дагы кечээ күндөн баштап шаарда иштеген кызматкерлерди жумушка жеткирүү иштерин баштады", - деди Айнура Акматова.

2020-03-27 14:07

65 жаштан жогору, кош бойлуу аялдар жана кичинекей балдары бар медицина кызматкерлери коронавирусун жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды.

2020-03-27 14:00

Кыргыз өлкөсүндө 14 адамдан коронавирус аныкталды. Алар Жалал-Абаддын 7 жана Оштун 7 тургуну. Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 58 болду.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(6)
27.03.2020. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах сактасын
27.03.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун каеринен экен а
27.03.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тез тез жанылык турсанар ким болду кимдер менен байланышкан элдер билиш керек.1-2сутка кыймылдабай турат суйунтуп анан эле бир 26 киши бир 14 киши деп журокту тушуруп.Ошонун баарына бир маалда болбосо керек
27.03.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер тактагылачы кайсы район кайсы айылдардан экенин.
27.03.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ кудай сактасын бирок жашаган жерин билсе контакт болгондор оздоруда текшерилгенге жакшы болот
27.03.2020. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant87, Hatali, бул жактан окуй аласыздар: https://www.super.kg/kabar/news/300635/
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-27 16:53:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: