Чет өлкөлөрдө 5 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Дагы эки даваатчы илдетти жуктуруп алган
Чет өлкөлөрдө 5 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын онлайн маалымат жыйынында айтылды.
Алардын ичинен:
Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Арабиянын Жидда шаарына барып келген);
Пакистанда – 3 жаран;
Испанияда - 1 жаран.
“Алардын баары ошол өлкөлөрдө тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы Кыргыз жаранында оору жеңил формасында өтүп жатат. Ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда”, - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.
17-мартта араб басылмалары 1 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталганын жазып чыгышкан, бирок бул маалыматты ушул күнгө дейре республикалык штаб да, Тышкы иштер министрлиги да ырасташа элек болчу.
22-мартта Пакистанда 1 Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы айтылган. Илдетке чалдыккан жаран менен кошо даваатка барган 4 Кыргыз жараны да карантинге алынганы маалымдалган эле.


Түшүнбөсөң жазбай эле кой. Сен чыкпасаң чыкпа. Барып түшүнгөн нерселериңе аралаш.
Эсиңде болсо бизге оору жукпайт деп сенин теңирчи кудайын айткан. Сен али дааватка зар болосуң. Эсиң барда этегиңди жый, тообо кыл.
Ушулардын дубалары менен өлкөбүз тынчтыкта жашап атат.