super.kg logo

Орусия бардык өлкөлөр менен болгон аба каттамдарын токтотту. 200дөй Кыргыз жараны өлкөгө кайта албай калышты

 
Коронавирустун күч алганына байланыштуу Орусия 27-марттан баштап бардык өлкөлөр менен болгон аба каттамдарын расмий түрдө белгисиз мөөнөткө токтотту. Бир гана чет өлкөлөрдө калып калган Орус жарандарын алып келүү үчүн учактар дайындалды.
Аба каттамдарынын токтотулганынан улам Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө келе албай калган жарандар аэропорттордо калып калышты. Учурда 200дөй Кыргыз жараны калып калганын Москвадагы Кыргыз өлкөсүнүн диаспорасынан билдиришти. Эми алар өлкө бийлиги аба каттамдарына расмий түрдө учууга уруксат бергенде гана Кыргыз жергесине кайта алышарын кошумчалады.
"Орусия аба каттамдарга расмий түрдө тыюу салды. Мындан улам өлкөгө кайта албай калган жарандардын саны 200дөй деген маалымат бар. Мүмкүнчүлүккө жараша кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү туугандарын, тааныштарын жана шарты оорлорду үйлөрүнө алып кетишти. Ал эми калгандарына мыйзам чегинде жардам көрсөтүлүп, тамак-аш, дары-дармектер берилип жатат.
Өлкөгө кайта албай калган жарандар үчүн Москва шаарындагы хостелдер, жатаканалар сүйлөшүлүп жатат. Жарандарыбыздын бири дагы көчөдө калбайт. Орусия расмий түрдө аба каттамдарынын учуусуна уруксат бермейинче Кыргыз өлкөсүнө бара алышпайт. Учурда биз мекендештерибизге жумуш таап берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди диаспорадан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.03.2020. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайдагы жумуш карантин күчөп жатса.Мигранттарга оор күндөр жакындап жатат.
27.03.2020. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 3 кундөн бери шереметьова аэропортунда турам элчиликтен ич кандай тамак аш жардам болгон жок , бизнес кластагыларды учуруп жатат економ кластагылар байкуш эл калып калды азыр 150 кыргыз жарандары бар 27 март 16 50.
27.03.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 4 күндөн бери көрүп жатабыз аидеолорду.Аэропортто калып кеткен мекндештерибиз менен Айгул Рыскулова менен чогуу жүргөн мен тааныбаган бирок өз сөздөрүнөн буйтап сүйлөгөн кыйын болкмкштар сүйлөп жатат.Кээ бир мигранттарды кекетип коркутуп сүйлөп.Россиянын бүгүнкү аба каттамын чектөө калгыча мекендештерибизди алып келсе болот болчу.Биздин жогорку жактагылар чабалдык кылып жатышат.Алар ишинен квартирадан чыгып алышкандан көпчүлүгү.Бул күндөр да өтөт мекендештерим сабыр кылгыла эми.Аман тургула
28.03.2020. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Проблемадан качуунун ордуна проблеманы чечүү керек деп туура айтышат. Бир айга 5000 кварплата, 10миң тамак-ашыңарга сактап турсаңар маселе чечилмек 15миң менен. Азыр эми ошол 15 миң билетиңерге эле күйүп кеткен чыгаар. Карантин, баардык жак жабылды деп жатса эмнеден үмүт кылып билет алдыңар?
28.03.2020. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы жумуш?жумуштар жабылган Москвада баары үйдө отурушат мигранттар,диаспора калпты шыпыртып коюптур күлкүң келет жөн эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: