super.kg logo

Дарыканадан товар сатып алгандарга белекке бет кап берилүүдө

 

Бишкектеги дарыканалар тармагы коронавирус пандемиясына байланыштуу шаардыктар үчүн акция жарыялады.

"Акыркы учурда өлкөдө жеке гигиеналык каражаттардын тартыштыгы байкалууда. Азыркыга чейин аны менен кантип күрөшсө болору да белгисиз. Мындай кырдаалда биз четте карап тура албайбыз. Андыктан "Саян фарм" дарыканалар тармагынын жетекчилиги жаңы акция баштады.

Мындан ары дарыканадан каалаган товарды сатып алып же үйгө дары-дармекти буюртма кылып алган бардык кардарлар белекке медициналык бет кап алышат. Албетте, бул чоң көлдүн алдында тамчыдай эле болорун билебиз. Бирок азыркы учурда ар ким шартына жараша колунан келген жардамын кылуусу кажет.

Мындан сырткары тез аралыкта бишкектиктер көчөгө чыгып, вирус жуктуруп алуу коркунучуна кабылбоосу үчүн жеткирип берүү кызматын ишке ашыруудабыз. Жалпысынан акцияга 3000 бет кап ойнотулат",
- деп билдиришти дарыкананын өкүлдөрү.

Дарыканалардын дареги:

№001 (16г, Логвиненко көчөсү, 55б/Фрунзе)
№002 (16В, Фрунзе көчөсү, 300/3/Гоголь)
№003 (15А, Чүй проспекти, 92)
№006 (14А, К. Акиев көчөсү, 66)
№009 (15Д, Фучик көчөсү, 20)
№010 (14Г, 3-кичирайон., 24/2, Сүйөркулов Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинде)
№029 (6Г, Ахунбаев көчөсү, 2/4)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: