super.kg logo

Орусиянын аэропортторунда, Казакстандын чек арасында канча Кыргыз жарандары калды? Элчиликтин жообу

 

17-марттан 24-мартка чейин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги тарабынан 30 аба каттамы ишке ашырылды. Бул каттамдар мурда убактылуу токтотулган деп билдирет Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен.

"Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамы боюнча 30 учак учуп, 3 миң 500 адам өлкөгө кайткан. 17-19-мартта Сургут, Красноярск, Санкт-Петербургдан бирден, ал эми Новосибирсктен 6 аба каттамы ишке ашырылып, 1 миң 383 жаран өлкөгө кайткан. 20-марттан 23-мартка чейин Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Сургуттан аба каттамдары дайындалып, 1 миң 617 жүргүнчү учкан. Муну менен жалпысынан 5 миң 117 жаран Кыргыз өлкөсүнө кайткан.

27-марттагы маалымат боюнча, "Шереметьево" аэропортунда 40 Кыргыз жараны мындан тышкары транзиттик зонада 14 Кыргыз жараны калган. Ал эми Новосибирсктеги аэропортто 200гө жакын Кыргыз жараны аба каттамдарын күтүп калышты.

Орус-Казак чек арасында 90дон ашуун кыргыздар бар. Элчиликтин алдында түзүлгөн штабдын кызматкерлери жарандар топтолгон жерлерге барышып, тиешелүү жардамдарды көрсөтүп жатышат", - деп билдирет элчиликтин маалымат катчысы.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы диаспорасынан өлкөгө кайта албай калган кыргыздар Орусия аба каттамдарына расмий түрдө учууга уруксат бергенде гана кыргыз жергесине кайта алышарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: