super.kg logo

"Кыска мөөнөттө коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду издеп-табуу жана санын тактоо иштерин бүтүрүү керек" дейт өкмөт башчы

 

Бүгүн, 28-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев медицина кызматкерлеринин бардык керектөөлөрүн камсыздоо зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымат таратышты.

«Кайдыгер эмес жарандар жана медицина кызматкерлеринин туугандары тараптан даттануулар абдан көп. Дагы бир ирет эскерте кетейин, медицина мекемелеринин кызматкерлери посттордон тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Алар ошондой эле бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек. Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын маршруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабаганын көрүп турабыз. Илдетти жуктуруп алгандарды дарылоо боюнча токтолсок, кыска мөөнөттө алар менен байланышта болгондорду издеп-табуу жана санын тактоо иштерин бүтүрүү керек. Алар вирустук инфекцияны таратышы мүмкүн деген тобокелдик бар», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүүсү керектигин эскертти. Муну менен катар алар коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылуусуна жол бербөө максатында гигиенаны катуу сактоого милдеттүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.03.2020. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура антпесе жайылып кетет
28.03.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байланышта болгондордун санын аныктоо жеңил эмес. Бирок алар аныкталса оорунун алдын алууга болот.
29.03.2020. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүлөрү деле өзүлөрүнүн коопсуздугу үчүн келишсе болмок. Билишет да контакт болгонун. Үй шартында деги дарылана алышпайт. Балким жуккан жок, кудай буюруп. Дагы канчасына жугузушпай. Деги кудай эле сактасын! Ылайым эле ушуну менен токтосо экен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: