Орусия 30-марттан тарта бардык чек араларын жабат
Орусия 30-марттан тарта чек араларын толугу менен жабат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 30-марттан тарта автоунаа, темир жол, жөө жана деңиз аркылуу кыймыл убактылуу жабылат. Мындай токтом Орусиянын өкмөтүнүн сайтына жарыяланды. Чек арадан дипломаттар, расмий делегациянын мүчөлөрү, жүк ташуучу айдоочулар Орусиянын жараны болсо өтө алат. Ошону менен катар эле жакын адамы каза болгон орус жарандары, Калининград облусунун тургундары жана Донецк менен Луганск аймагында туруктуу жашагандар өтсө болот.
Орусияда коронавирус менен миңден ашык жаран жабыркап, каза болгондордун саны 4кө жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.