super.kg logo
  Саясат  

"Исмаил Матраимов" фонду 10 миң даана экспресс-тест алды. Алар Ошко жана Бишкекке берилет, алдыда дагы ошончо экспресс-тест, жасалма дем алдыруучу 10 жабдык алынат

 

Кечээ, 29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 миң даана экспресс-тест "Исмаил Матраимов" атындагы фондго келип түштү. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына жана Бишкектеги ооруканаларга берилерин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.

Анын айтымында, жакынкы арада дагы 10 миң даана тест келиши күтүлүүдө.

"Жагымдуу жаӊылык, иним Райымбек Матраимов дагы стационардык жасалма дем алдыруучу 10 жабдык алып келүүгө буюртма берди. Алар өлкөдөгү ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрүнө берилет. Фонддун ыктыярчылары аппараттарды сатып алууга 2 апта убакыт коротушту. Алдыда комплектация, инструктаж жана эксплуатация сыяктуу оӊой эмес жумуштар күтүп турат. Жакынкы күндөрү бардык аппараттарды жеткирип, орнотуп беребиз деген үмүттөбүз. Алып келинген бардык жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус менен күрөшүүгө акысыз өткөрүлүп берилет", - деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.

Буга чейин аталган фонддун өлкөнүн аймактарына көрсөтүлүп жаткан жардамдары тууралуу маалымдалган. "Исмаил Матраимов" фондунун коронавируска байланыштуу калкка көрсөткөн жалпы жардамы менен бул шилтемеден окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: