super.kg logo

"Кыргыз өлкөсү эмнеге көп жардам алып жатат же вируска чалдыккандардын саны жашырылып жатабы?". Министрдин жообу

 

Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин катышуусунда маалымат жыйын өттү.

Анда "Биздин өлкө эмнеге көп жардам алып жатат? Бүгүнкү күнгө берилген статистика чындыкка дал келбейби, так маалымат жашырылып жатабы?" деген суроолор берилди.

Министр Космосбек Чолпонбаев вируска чалдыккандардын санын жашыруу мүмкүн эместигин белгиледи. "Бүгүнкү күндө 94 жарандын вируска чалдыкканы так. Бизде маалыматты жашыруу мүмкүн эмес. Вирустук инфекциянын алдын алуу, анын жайылып кетүү коркунучун жоюу үчүн көп жардам алынып жатат", - дейт министр.

"Бир жолку текшерүүдөн эле баары билинип калбайт. Бир, эки же үч жолку текшерүүнү талап кылган учурлар дагы болуп жатат. Ошондуктан кокус бирдеме болуп кетпесин деп алдын алып жатабыз", - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.03.2020. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларга да жан керек жан талашып маска тагып алгандарын
31.03.2020. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оору башталгандан бери аз эмес суммада миллиондоп карыз ала баштадык. Деги, натыйжалуу колдонсок экен эми. Окмот азыр алып аткан карыздар менен мурунку эски карыздарды кошуп туруп миксер менен чалып ийсе эсеп чотун билбей калбайбызбы? Буйурса бул ооруну да женебиз, бул кундор да отот. Анан акырындан алган акчаны кайтарышыбыз кк. Ошон учун акчаны айабай сарамжалдуу пайдалансак экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: