Биринчи вице-премьер: "Коронавирус жуктуруп алган 84 адамдын байланыштары такталды"
Коронавирус жуктуруп алган 84 адамдын байланыштары такталды. Ал эми дагы 10 адамдын байланыштары такталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Кечээ биз Кыргыз өлкөсүндө дагы 26 адам коронавирус жуктуруп алганын кабарлаганбыз. Учурда бул жарандар менен байланышта болгондордун бардыгы табылды. Алар изоляцияга алынып, анын ичинен 154 адам биринчи категорияга, 1 миң 12 адам экинчи категорияга киргизилди. Учурда баарынын абалына байкоо жүргүзүлүп жатат", - дейт ал.
Мындан тышкары жыйында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирусту өлкө ичинде жүрүп жуктуруп алган адамдар каттала баштаганын белгилеп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.