super.kg logo
  Саясат  

Кара тумоонун айынан Ысык-Көлдө өтүүчү эл аралык мелдешке катышуудан Кытай менен Монголия баш тартты

 

Кара тумоого байланыштуу 4-12-сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган XIII Эл аралык Ысык-Көл оюндарына Кытай жана Монголия мамлекеттеринин спортчулары катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу Мамлекеттик  дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов билдирди. Анын айтымында, Кытай мамлекети катышпай тургандыгы толук такталды, ал эми Монголия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле ал өлкөлөргө "Кыргызстан боюнча карантин жарыяланды" деген маалыматтар таркагандыгы белгилүү болду. Учурда чет өлдик делегацияларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Айта кетсек, 22-августта Ысык-Көлдө 15 жаштагы өспүрүм кара тумоо илдетинен каза тапкан. Облустун айрым аймактарында карантиндик режим киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: