Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча өткөн суткада коменданттык саат убагында жүргөн 95 адам кармалды
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча өткөн суткада коменданттык саат убагында саат 20:00дөн 7:00гө чейин тартип бузган 95 жаран кармалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Жалпы Жалал-Абад облусу боюнча 18 кылмыш иши катталып, 16 кылмыш ишинин бети ачылды. Анын ичинен 2 факты такталбаган, жалган маалымат тараткандар болду. Учурда коомдук-саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө", - деп билдирген аталган шаардын коменданты Жеңишбек Жоробеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.