Валентина Шевченконун жаракат алып калганына байланыштуу июнь айында болчу беттеши башка убакытка жылдырылат

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун бутунан алган жаракатынан улам июнь айында UFC 251 турниринин алкагында шотландиялык Жоан Калдервуд менен болгон беттеши кийинкиге жылдырылат. Бул тууралуу "MMA Fighting" басылмасы жазып чыкты.
"Валентина Шевченконун суранычы менен Шевченко-Калдервуд беттеши кийинкиге жылдырылды. Шевченко жай айынын аягында кайра кайтып келүүгө даяр болот жана ден соолугу чың болгондон кийин Калдервуд менен беттешет", - деп жазып калтырган "MMA Fighting" басылмасы.
Маалыматка ылайык, Шевченко-Калдервуд беттеши 6-июнь күнү Австралиянын Перт шаарына пландалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.