super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченкого операция жасалды

 

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко 9-февралда болгон UFC 247 турнириндеги америкалык мушкер айым Кэтлин Чукагян менен болгон беттеште жаракат алып, операция жасатты. Бул тууралуу мушкер айым социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Дарыгерлер жаракатымды өзү айыгат деп айтышкан. Бирок аны күтүш керек болчу. Мен операция жасатпай эле беттешке чыгууга макул болгом. Коронавирус пандемиясынан улам турнир жылдырылат деген имиштерден улам күтпөй эле операция жасаттым. Эгерде турнир өз убагында өтсө, мен операция жасатмак эмесмин. Азыр физиотерапиядан өтүп жатам жана август айына чейин октагонго кайтып барам деген үмүттөмүн", - деп билдирген мушкер айым.

Маалыматка ылайык, буга чейин "MMA Fighting" басылмасы Валентина Шевченконун июнь айында UFC 251 турниринин алкагында шотландиялык Жоан Калдервуд менен болгон беттеши Шевченконун жаракат алып калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырыларын жазып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.04.2020. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тез сакайып кет..
03.04.2020. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сарышкага ден соолук!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: