super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 75 жаштагы абышка менен 72 жаштагы кемпир баш кошту

 
Бишкек шаардык Карылардын жатак-үйү
Жатак-үйдүн директору Эркингүл Абдылдаева: "Бизде деле кадимкидей жашоо. Сүйүшүп, үйлөнүшкөндөр да бар"
Эркингүл Абдылдаева нике күБөлүгүн алган түгөйлөрдү куттуктап, аларга бакыт каалады
Карылар үйүнүн өздүк салты боюнча түгөйлөргө белектер тапшырылды
Түгөйлөргө каалоо-тилектер айтылып, тост көтөрүлдү
Карылар үйүндө күн кечирген жазуучу Дубаш Калназаров түгөйлөрдү куттуктоодо
Нике күбөлүгүнө ээ болгондорду куттуктагандар
Карылар үйүндөгү Ардагерлер кеңешинин төрайымы Гүлипа Алиева ырдап берди
Эки пенсионердин нике күбөлүгү
Карылар үйүндө баш кошкондор үчүн атайын бөлмө берилет
Директор Эркингүл Абдылдаева жаңы бөлмө менен тааныштырууда
Бөлмөдө 2 керебет, 1 шифоньер жана стол, стулдар жайгашкан

Бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык карылардын жатак-үйүндө эки пенсионер расмий түрдө баш кошушту. Башкача айтканда, 15 жылдан бери чогуу жашашкан 75 жаштагы Мелис Балыкбаев менен 72 жаштагы Зинаида Чыныбаева бүгүн нике күбөлүгүн алышты. “Мурда шаар четиндеги дачалардын биринде турчубуз. Кемпиримдин да, менин да балдарым бар, бирок алар чет өлкөдө. Карыганда кыйналып кетип, карылар үйүнө келдик”,- деди ал. Карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаева минтип баш кошуп, бактылуу жашап жаткан 11 пенсионер бар экенин айтып, мындай окуяларды карылар үйүнүн жалпы жамааты ар дайым чогуу белгилешерин айтты. “Карылар үйүнүн 2-кабатынын бир тарабы атайын үй-бүлөлүүлөр үчүн бөлүнгөн. Алар үчүн бардык шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз”,- дейт Абдылдаева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: