Жалал-Абад. Аксыда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болду
Аксы районунда 27-августта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Аксы районунун акиминин орун басары Айжан Чилетова билдирди. Айтымында, көргөзмөгө Аксы, Ала-Бука райондорунан 300дөй уз-чебер катышты. "Жыгачтан, териден, кийизден жасалган буюмдар жана кооздолуп даярдалган кыздын себи көргөзмөгө коюлду. Баарынын эмгеги бирдей бааланып, уздарга белектер тапшырылды. Аксы районунун атынан Ала-Бука районуна түстүү сыналгы белекке берилди",- деди Чилетова. Мындай иш-чара салтка айланып, жыл сайын өткөрүлүп турарын кошумчалады ал.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

