super.kg logo

"Санарип аймак" долбоору өлкөнүн 8 айыл өкмөтүндө пилоттук режимде иштеп жатат (видео, хронология)

 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев бүгүн, 4-апрелде Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын өткөрдү. Анда Дастан Догоев коронавируска байланыштуу кандай иш-аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу айтты.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-04 09:27

2020-жылдын май айында өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүндө "Санарип аймак" долбоорунун башталышы мерчемделип, жылдын аягына чейин бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарына киргизилет. Бүгүнкү күндө "Санарип аймак" 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген. Долбоордо электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде башкаруу тутумун автоматташтыруу камтылат.

2020-04-04 09:25

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы республиканын мамлекеттик органдарында “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системин иштеп чыкты. Бүгүнкү күндө систем 123 мамлекеттик органда иштейт, 6 айда 237 миң документ катталган, ошондой эле 9 миңден ашуун кызматкер системдин пайдалануучулары болуп эсептелет.

2020-04-04 09:16

"Үйдө отуруп билим алуу боюнча акысыз платформалар түзүлгөн. Мындан улам бардык тургундарга кайрылып, санариптик ресурстарды колдонууну өздөштүрүп, үйдө отуруп билим алууга чакырабыз", - дейт Дастан Догоев.

2020-04-04 09:14

2020-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системиндеги транзакциялардын жалпы көлөмү 25 миллиондон ашкан, ал эми 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын декабрына чейин 24 миллион транзакция аткарылган.
2020-жылдын биринчи чейрегинде 25 миллион транзакциянын ичинен 14 миллиону мамлекеттик органдардын ортосунда жана 11 миллиону мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдар ортосунда болгон.

2020-04-04 09:12

Бүгүнкү күндө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы ыкчам IT-штабы тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg. Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg. Вирустун дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн көрсөткүчтөрүнө, тийгизген таасирине байкоо салуучу продукт, коронавирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берүүчү чат-боттор жана башка платформалар бар.
Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системи ишке киргизилди - 1312.tunduk.kg. Өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөн.

2020-04-04 09:06

"Түзүлгөн кырдаалдан улам комитеттин базасында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штабы уюшулду. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат", - дейт төрага Дастан Догоев.
Дастан Догоев ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгиледи. Айтымында, өткөрмө уруксат кагаздарын берүүнү электрондук түргө өткөрүү дагы IT-штабдын көмөгү менен ишке ашырылып жатат.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: