Өлкө боюнча 10 миң 157 жаран коронавируска каршы тесттен өттү

Өлкө боюнча коронавируска каршы 10 миң 157 адам тесттен өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында билдирди.
"Өлкө боюнча коронавируска каршы тесттен 10 миң 157 жаран өттү. Бир сутканын ичинде 321 тест изилдөө өткөрүлдү. Учурда обсервацияда 1 миң 666 адам бар. Акыркы катталган 14 жаран 194 адам менен байланышта болгон", - деп билдирди Касымбек Мамбетов.
Бүгүн, 4-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус оорусу менен ооруган адамдардын жалпы саны 144кө жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.