Президент Самаркандек айылында шахта басып калып каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берди
Президент Алмазбек Атамбаев Баткен
районунун Самаркандек айылында шахта басып калып каза болгондордун үй-бүлөсүнө
жардам берди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн,
28-августта билдиргендей, тиешелүү буйрукка мамлекет башчы кол койгон. Ага ылайык,
Сатар Абдрахмановдун, Тажибай Абдрахмановдун жана Бакыт Айдаралиевдин
үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Эске сала кетсек, 13-августта Баткен районунун Самаркандек айылында сел жүрүп, 1 көмүр шахтасы көчүп түшкөн. Ал жерде иштеп жаткан жергиликтүү 3 тургун шахтанын алдында калган.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

