Ошто нөшөрлүү жаан-чачындан улам 15ке чукул үйдүн короолорун суу каптады (фото)






5-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунда нөшөрлүү жаан-чачындан улам арыктан суу ашып, 15ке чукул үйдүн короолорун суу каптады. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашып, жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдиришти.
"Кара-Суу районунда 5-апрель күнү саат 23:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен арыктан суу ашып, Фурхат айылынын Зулпуев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жер төлөөлөрүн жана короолорун суу каптаган.
Тазалоо иштерине Кара-Суу райондук 3 куткаруучу жана райондук комиссиянын кызматкерлери тартылган.
Жеринде куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруу иштерин жүргүзүшкөн. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
bessmertiy

06.04.2020. 11:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элдер өздөрү тратуарды да тосуп алып, көчөдөгү арыктарды кичирейтип бетон куюп алышат. Анан суу каптайт да. Ушундайларга сууну буруп келип үйүнө агызып салыш керек.
bessmertiy

06.04.2020. 11:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Көрұнүп турат тигинде тротуарды тосуп арыкты жаап салганы.
Timurlan2017

06.04.2020. 11:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Каналдарды тазалаш керек жана кээ бир тургундар каналды тосуп алышкан, аларга чара коруш керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.