Дана Уайт: "UFC 249 турнири өтөт. Бирок Хабиб катышпайт"

UFC уюмунун президенти Дана Уайт 18-апрелде боло турган UFC 249 турнири сөзсүз түрдө өтөрүн, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бул беттешке катышпай тургандыгын өзүнүн социалдык баракчасына жазып калтырган.
"Бул турнир өтөт. Бирок беттешке Хабиб катышпайт. Эртең мен турнирге катышуучулардын курамын жарыялайм", - деп жазган Дана Уайт.
Буга чейин Беларусь өлкөсүнүн Кол менен мушташуу жана аралаш жекеме-жеке мушташ федерациясынын аткаруучу директору Максим Корольков турнирди Беларусь өлкөсүндө өткөрүүгө даяр экенин билдирип, UFC уюмуна кайрылганы кабарланган. Бүгүн, 6-апрелде аталган өлкөнүн спорт министрлиги "Спорт жана туризм министрлиги бул маселени талкуулаган жок" деп бул маалыматты четке каккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
12

Комментарийлер(3)
algakaray

06.04.2020. 16:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хабиб эмне деп жооп берет экен эми
Romantik.

06.04.2020. 16:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Хабиб коркок. Хабибтин баш кийими менен Фергюсон точно пол жуумак
KalenAlmaz

06.04.2020. 18:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Космоско чыгып алып тытыша бергилечи хабипти алып алгыла конор монор болуп,азыр ечкимге кызыгы жок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.