super.kg logo

"Дезинфекция жүргүзүлгөн". Каракол мэриясы эшиги ширетилген делген көп кабаттуу үй боюнча үн катты

 

Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматты Каракол шаарынын мэриясы тараткан.

Маалыматта аталган үй карантинге алынган эмес, болгону дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөнү белгиленген.

"5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб үйдү курчоого алууну чечкен. Анткени бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 вирусунун белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик макам берүү боюнча чечим кабыл алынган. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө сварка аппаратын колдонуу менен подъездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн", - деп билдиришкен Каракол шаарынын мэриясынан.

Буга чейин социалдык тармактарда "Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйдүн кирүүчү эшигин ширетип салышты. Анткени ал жакта коронавирус аныкталган жаран жашачу экен" деген маалымат тараган.






"Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйдүн эшигин ширетип салышты" дейт күбө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
06.04.2020. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
неге маалымат бербейт? Кызык адамго башкаларды ойлосо ачык айтсында. Айтпай жашыргандарга да кандайдыр бир чаара көрүш керек
06.04.2020. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Маалымат бербесе суротун чыгарып данныйларын ачыктап койгула да байланышкан адамдар оздору барышат анан больницага. Озун ойлобой башкаларды да ойлош керек да
07.04.2020. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшиктер ширетилгени чын окшойтда?! Түнкүсүн жасамак беле подъезддеги эшикти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: