super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарды карантинде стресстен коргоонун жолдорун жарыялады

 

"Карантин учурунда балдарда же өспүрүмдөрдө стресс болуп жатканы байкалса, ата-энелерге кеңеш берилет" деп жазылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө. Анда төмөнкүдөй кеңештер айтылган.

Балдар жана өспүрүмдөр айланадыгылар жана улуулар эмнени көрүп, сүйлөшүп, сезип жатышкандарына абдан чоң реакция жасашат. Балдардын ата-энеси же аларды карап жаткан адамдар коронавирус дүрбөлөңүнө түшпөй, ал тууралуу маалыматтарды иргеп, кырдаалды чочубай кабыл алса, анда балдардын да стресске түшпөшүнө колдоо болот.

Бардык эле наристелер, өспүрүмдөр стрессти окшош өткөрүшпөйт. Төмөндө баланын өзгөргөндүгү боюнча ата-эне көңүл бура турган бир катар мисалдар:

- Баланын ашыкча ыйлап, кыжырдануусу;

- Ашыкча тынчсыздануусу же кайгыруусу;

- Тамакты мурдагыдан көп жеп калуусу же тескерисинче табити жоголгондугу, уйкусунун бузулушу;

- Өспүрүмдөр бат-баттан кыжырдана баштайт;

- Мектеп тапшырмаларын аткарууга каалоосу жок;

- Оюнун чабытташы;

- Мурда өзү жактырып жасаган жумуштарды аткаргысы келбей калса;

- Баштын же дененин оорушу;

- Өлүм, өлүмдөн коркуу тууралуу көп сүйлөп калса;

- Алкоголдук ичимдиктерди ичип же тамеки чексе.

Мындай учурда балага колдоо көрсөтүү үчүн эмне кылуу керек?

- Балаңыз менен COVID-19 вирусунун тегерегиндеги сөздөр тууралуу сүйлөшүүгө убакыт табыңыз. Коронавирус тууралуу берген суроолоруна жөнөкөй фактылар, түшүндүрмөлөр менен ага жооп бериңиз;

- Балаңызды ал коргоодо экенине ишендириңиз. Анын буга байланыштуу капа болуп жатканын нормалдуу көрүнүш деп түшүндүрүңүз. Өзүңүз дүрбөлөңгө түшпөө үчүн кандай ыкмаларды пайдаланып жатканыңызды ага да айтыңыз;

- Социалдык тармакка кирүүсүнө чектөө коюңуз. Балдар андан көргөн маалыматтарды туура эмес түшүнүп, чочуп калышы мүмкүн;

- Мектепке же бала бакчага барбай калгандыгына байланыштуу үйдө туруктуу расписание түзүп алганыңыз оң. Анын ичинде окуу, тапшырма даярдоодон тышкары балаңыз менен көңүл ачуу, эс алуу деген пункттар болсо да жакшы болот;


- Балаңызга өзүңүз тынчсызданбай эле жүргөнүңүздү көрсөтүңүз. Эртең менен анын көзүнчө физикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз, жакшы тамактанып, байланыш аркылуу жакындарыңызга чалыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.04.2020. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын балам эмес мен өзүм аябай стресс болуп атам ушул оорудан
07.04.2020. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо сми, интернет паника кылыпатып бала эмес чондор стресс болупатышат. Балдарды онлайн окуу стресс кылыратат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: