super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда жашоо үчүн 17 жаштагы орус кыз динин өзгөртүп, өзүнө Айсулуу деген ысым коюптур

 
17 жаштагы Кристина Парашина Кыргызстанга биротоло көчүп келип жашоо үчүн 2 жыл мурун ислам динин кабыл алыптыр
Кристина тил үйрөнүү менен катар кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду чертүүнү да үйрөнүүдө

17 жаштагы москвалык Кристина Парашина Кыргызстанга биротоло көчүп келип жашоо үчүн 2 жыл мурун ислам динин кабыл алыптыр. 4 жылдан бери кыргыз тилин үйрөнүүдө. Муну орус кыз өзү орусиялык ММКларга билдирген. “4 жыл мурун Кыргызстанды жактырып калып, анын тарыхын, тилин, турмуш-тирличилик жөрөлгөлөрүн үйрөнүп баштадым. Кыргыздардын өздөрүн алып жүргөнү, айымдарга жасаган мамилелери жагат”,- дейт ал. Кыргызстанга арбалган Кристина ислам динин кабыл алыптыр. “2 жыл мурун ата-энеме билгизбей мечитке барып, ислам динин кабыл алгам. Өзүмө Айсулуу деген ат коюп алдым”,- дейт Кристина. Кристина кийинки жылы мектепти аяктап, Кыргызстандагы ЖОЖдордун бирине тапшырууну чечти. “Мен Кыргызстанда калгым келет. Мага оор болорун билем, бирок ага даярмын”,- деп кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: