Араван районунда 600 орундуу жаңы мектеп ачылды
Араван районунун Керме-Тоо айылында Токтогул атындагы жаңы орто мектеп ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Мектептин ачылышына өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышты. Мектептин курулушу 2007-жылы башталып, бирок белгисиз себептерден улам ушул убакытка чейин созулуп келген. 600 орундуу жаңы мектептин курулуш иштерине жергиликтүү тургундар да салым кошушуптур.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

