Жалпысынан 30 жаран айыкты. Дагы 5 бейтап коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды
Бүгүн, 9-апрелге карата коронавирустан айыгып, ооруканадан чыккандардын жалпы саны 30 болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Жалал-Абад облустук ооруканасынан чыгат делинген 10 бейтаптын бешөө үйлөрүнө чыгарылды. Калганы эми чыгат", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Кечээ, 8-апрелде илдеттен айыгып, ооруканадан чыккандар 25 экени, дагы 10 бейтаптын үйлөрүнө чыгуусу мерчемделип жатканы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Аллах бизди колдосун.
Ооругандар жок болсун.
Сыртта жүргөн сооттолсун!