super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү онлайн маалымат жыйын берди. Дагы 41 адам коронавирус жуктурду (видео, хронология)

 

Бүгүн, 11-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйын берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-11 10:31

Каратаевге Кытайдан келген гуманитардык жардам кайсы жакка жумшалганы боюнча суроо берилди.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинде гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн. Кайсы жерде жардам керек болсо, ошол жакка бөлүнөт", - дейт министрдин орун басары.

2020-04-11 10:28

Министр билдиргендей, бүгүнкү күнү медицина кызматкерлери үчүн миңдей кичи автобустар даярдалган. "Жардам берип жаткандарга ыраазычылык билдирем", - дейт ал.

2020-04-11 10:25

Коронавирус жуктуруп алгандарга компенсация төлөө иши башталдыбы деген суроо берилди.

Министрдин айтымында, компенсация төлөө иштери баштала элек. "Атайын комиссия чечим чыгарып, сунуш бергенден кийин төлөнөт", - деди Каратаев.

2020-04-11 10:20

Каратаевдин айтымында, жалпы 44 адам дарыланып, ооруканадан чыгарылды. Бир сутка ичинде 5 бейтап стационардан чыгарылды. 

2020-04-11 10:18

Министрдин орун басары билдиргендей, өткөн суткада 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Вирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 51. Жаӊы учурлардын ичинен 8 медицина кызматкери Бишкек шаарында, 1 – Нарын облусунда, 3 – Ош шаарында.

2020-04-11 10:16

"Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 339. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 98, Чүй облусунда – 15, Баткен облусунда – 4, Ош шаары – 36, Бишкек шаары – 42, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 4", - дейт Каратаев.

2020-04-11 10:14

Каратаев учурда 9 адамдын абалы оор, алардын ичинен 5 адам жандандыруу бөлүмүндө экенин айтты.

2020-04-11 10:13

Министрдин орун басарынын айтымында, коронавирусту жуктурган 41 адамдын ичинен 22 аял, 19 эркек.

2020-04-11 10:08

11-апрелге карата республика боюнча дагы 41 адам коронавирус жуктурду. Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 18, Ош шаары - 6, Нарын облусунда – 2.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.04.2020. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо кудайым өзүң сактай көр,
Жаңылык эмес эле жамандык болуп калды?
Адамдын жүрөгүн сыгып.
11.04.2020. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Калайык калк озунор учун,балдынар бир туугандарынар учун уйдо отургула дегенден кийин уйдо эле отургулачы,кайактан эмне кылып жуктуруп атыптыр булар озу,азайды бекен сакайып кетсе экен деп тиленип атсан 2 эселеп кобойуп ататго
11.04.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ишенбегилечи, отургула деп жатышса отура тургула. Кыргызстанда ооругандар жок кыжалат болбогула, бул жерде башка саясат иштери болуп жатат.
11.04.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жалган маалымат тараткандар менен бирге эле, “ишенбегиле”-дегендерди да жоопко тартыш керек. Алар да 100% билбей туруп жок дешип жатат.
Бүткүл дүйнө эмне заговор кылып Кыргызстанды алдамак беле?
Ошо “оору жок” дегендерди угуп, кенебей, ишенишип чыгып жаткандыр көчөгө!
Жамандык, неизбежность болгондо психологически 5 стадия басып өтөт адам: 1- отрицание, ишенбөө, четке кагуу.
2. Гнев, ачуулануу. Ж.б.
Ошол отрицание, ишенбөө стадиясынын өтө албай жаткандар көп.
11.04.2020. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
PS.: кызыккандар “пять стадий принятия неизбежного”-деп интернеттен издеп көрсөнүздөр, табасыздар.
Баарыбыз сабыр кылып, үйдө отуруп туралы!
Оорубаңыздар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: