super.kg logo

"Жалал-Абадда азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттап жатат, көзөмөл барбы?". Комендант жооп берди

 

Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков карантин, коменданттык саатка байланышкан абал боюнча маалымат берди. Жоробековго "Азык-түлүктөргө болгон баа көтөрүлүп кетти, бул көзөмөлгө алынабы, сатуучулар соода жайында санитардык-гигиеналык нормаларды сактап жатабы?" деген суроо берилди.

"Биз ар бир маселени кылдаттык менен чечүүгө аракет кылып жатабыз. Мыйзамдуулукту, маданияттуулукту сактоого чакырып иш алып баруудабыз. Базарда баалар кымбаттады деген бир топ кайрылуулар келип түшкөн. Антимонополия агенттиги, Финпол, жергиликтүү бийлик менен рейд өткөрдүк. Ооба, ошол учурда айрыкча ундун баасы кымбаттаганын көрдүк. Сатуучулар болсо бир топ көйгөйлөр бар экенин айтышууда. Маселен унду чет өлкөдөн алып келүүдө кымбат түшүп жатканын, буга байланыштуу аны кымбаттатышканын айтышты.

Азыр аныктоо иштерин алып барып жатабыз. Ошол эле учурда элдин азыркы абалын эске алып, бааны көтөрбөгөн сатуучулар да бар экенин көрдүк. Биз сатуучуларга кайрылат элек, бааны жөнсүз, ашыкча көтөрбөгүлө. Себеби бул үчүн жооп берип калышы мүмкүн", - деди Жоробеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.04.2020. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сатуучуларда эмне айып?келген баасына карап сататда,оптомщиктерди караш кк,майлар 80-100сомго чейин,сахар 10-15сомго ,чайлар 5-7сомго чейин кымбаттады
11.04.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Картошка 35 сом
11.04.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kuyoo_bala,
Биз жакта 45 сомдон сатып жатышат картошканы.
11.04.2020. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ундун эле баасы эмес азыр базарды барып бир айланып чыксын Жоробеков озу баалар кандай которулгон корот мокорондун килограмы 80 сом болуп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: