Түркияда пандемиядан улам визасынын мөөнөтүн узарта албай калган жарандарга айып салынбайт
Түркияда визасынын мөөнөтүн узарта албай калган чет элдик жарандарга айып салынбайт. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигинен маалымдайт.
Маалыматка ылайык, мындай чечим пандемиянын айынан аба каттамдарынын токтошунан улам кабыл алынган.
"Мындай чечим аба каттамдары башталганга чейин өз күчүндө болот" деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги Түркияда жашаган жана убактылуу барган Кыргыз жарандарын карантин эрежелерин так сактоого чакырат.
Расмий маалыматтарга ылайык, Түркияда 30 миңден ашык Кыргыз жараны бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:9
2025-07-07
14:01
2025-07-07
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.