Борбор калаада медицина кызматкерлерин жумушка акысыз ташуу үчүн 17 кичи автобустар иштеп жатат
Интернетке "Бишкектеги дарыгерлерди жумушка автобус менен алып барышат, автобустун ичи толо" деген билдирүүнү камтыган сүрөт жарыяланган. Бишкек шаардык мэриясы сүрөт боюнча билдирүү жасап, дарыгерлер жумушка кичи автобустар менен барып жаткандыгын билдирди.
"Борбор калаада дарыгерлерди жумушка алып барып, кайра үйлөрүнө алып келүү үчүн "Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы 17 кичи автобустарды даярдаган. Мындан тышкары дагы 7 унаа каралган. Алардын жол кире акысы шаардык бюджеттен төлөнөт.
Ал эми интернетке тараган сүрөттөгү автобус муниципиалдык ишканага тиешеси жок. Автобустар укук коргоо кызматкерлерин, мэриянын, акимиаттардын кызматкерлерин гана ташыйт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.