super.kg logo

Кубатбек Боронов: "Эпидемиянын очогунда иштеген ар бир дарыгер коргонуучу кийимдер менен камсыздалат"

 

Кыргыз өлкөсүндөгү эпидемиологиялык абал боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйыны өтүп, анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "тобокелдик аймагында иштеген ар бир дарыгер коргонуучу кийимдер менен толук көлөмдө камсыздалат", - деди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, жарандарды тестирлөө жана коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалыматы угулду. COVID-19 жугузган 63 медицина кызматкерине байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигине медицина кызматкерлеринин инфекцияга кабылуусуна жол бербөө үчүн бардык зарыл талаптарды аткарууну күчөтүү тапшырылды.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлеринин айлык акысын каржылоо маселеси коомдо көтөрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 16 миллиард сомду түзөт. Бүгүнкү күнү бюджет 2 миллиард 9 миллион сомго аткарылган. "Ушул жылдын биринчи кварталында медицина кызматкерлеринин ЭКК (эмгекке катышуу коэффиценти) боюнча кепилденген эмгек акысы келип түшкөн тапшырыктардын негизинде толук көлөмдө каржыланды", - деди вице-премьер.

Аида Исмаилова COVID-19 инфекциясынын жайылышына байланыштуу республикада өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишинен улам башка мекеме, уюмдар сыяктуу эле саламаттыкты сактоо уюмдары кызматкерлеринин жарымын аралыктан иштөөгө же эмгек өргүүсүнө кетирген. Аралыктан иштеген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилденген эмгек акысын алышууда. Эмгек өргүүгө жөнөтүлгөн кызматчылар өргүү акыларын мыйзам чегинде толук көлөмдө алышты. Эмгек өргүүдө же аралыктан иштеген кызматкерлер үчүн ЭКК өлчөмү азайтылышы мүмкүн, демек, төлөмдүн көлөмү да азаят. Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин ченемдик документтерине негизделген, себеби ЭКК боюнча кошумча айлык акы медицина кызматкеринин ишинин жыйынтыгы боюнча төлөнөт.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кепилденген эмгек акыны төлөгөндөн кийин кошумча айлык акы фонду түзүлөт, ал кызматкерлер ортосунда ЭКК түрүндө бөлүштүрүлөт. Кепилденген эмгек акы боюнча чыгымдардын көбөйүшүнөн мисалы, коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу нөөмөттө туруу акысынын көбөйүшүнөн улам кошумча айлык акы азаюусу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.04.2020. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уже 60 врач оругандан кийин, артыңардан Касмалиева сайгылагандан кийин эсиңерге келдиңерби? Ага чейин ооз бастырык кылып жаман үйрөнгөн экенсиңер
12.04.2020. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
жалган айтпагыла ар бир медицина кызматкери өзү тигип же сатып кийип атат.Берсеңер жарымына берип аткандырсыңар көпчүлүгү өз мээнети менен таап же тигип кийип атат. Азыр сүрөт жиберип интернетке чыгарсам тааныштардын баарын куугунтуктап баштайсыңар. Ушунчалык ыйлагым келип атат ушундай кедей мамлекетте жашайбызбы? Өзүбүзгө тең көрбөгөн Өзбекстан гумжардам бергенден кийин бийликтегилер жерге кирип эле кеткилечи
12.04.2020. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Борош менен Абылгаазы жомокту токтотуп эле жанагы эл чогулткан акчага бир аз кошуп туруп эле кытайдын цинь-зипинден ошко 5 медсетра менен 1 врач. Бишкеке 3 медсестра менен 1 врач сурап турса уйротуп кетмек биздин даарыгерлерге. Каанчасына жуктурдунар эми.
12.04.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болбогон, жок эле жомок вирусту мынча апыртып жатасыңар, максатыңар эмне деги?))
12.04.2020. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Боронов карантин бутойун деп калдыго, сиз душман кеткен сон кылычынды ташка чап дегенди соз бар, дагы айыл чарба министр буудай эгебиз деп уроон сураган талап коп болуп жатат деген кечээ, ал министр буудай экен убакыт отуп кеткенин билбейби, канча окмот алмашты сиз дагы деле журосуз, оордунузду жаш бироого берип, жаштарга кеп-кенешинизди берип журсонуз кыргызтанга чон салым кошкон болтот элениз.
Osh2017g түзөттү 2020-04-12 20:34:03
12.04.2020. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин байкуш медиктерге коргоочу кийим толук жетишпегенден эле жуктуруп келишкен окшойт да. Министр озулору толук эрежелерди сактабагандан жуктуруп алып атат деп суйлоп атканын уккан элем. Кантип айтты экен уйалбай андан коро ачык эле айтпайбы жетишпейт коргоочу кийимдер деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: