Эртең Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйыны өтөт
Эртең, 14-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйыны бирге өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын саат 10:00дө башталат. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны биргеликте өтөт.
Анда азык-түлүк коопсуздугу, өзгөчө абал учурунда иш алып барган медицина жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсация төлөө боюнча маселе талкууланат. Баяндама жасоо үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чакырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

