Футболчу Неймар 22 жаштагы өгөй аталуу болуп калышы мүмкүн



22 жаштагы киберспортчу Тьяго Рамос "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Неймарга өгөй ата болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Неймардын апасы Надин Гонсалес өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөттү жүктөп "Түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон нерсени, түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес" деп жазып калтырган.
Ал эми спортчу 52 жаштагы апасынын мамилесин колдоп, сүрөттүн алдына "Бактылуу болуңуз апа. Жакшы көрөм" деп билдирүү жазган.
Рамос дагы Гонсалес бөлүшкөн сүрөттү өз баракчасына жүктөгөн. Айта кетсек, Неймар жана Рамос эски тааныштардан, акыркы жолу экөөнү чогуу Неймардын туулган күнүнөн көрүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Капырларга болобет бар жок п олорго