super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Медицина кызматкерлеринин аброюна шек келтирген болсом, кечирим сурайм"

 

Бүгүн, 13-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын ишмердүүлүгү тууралуу онлайн жыйын берди.

"Медицина кызматкерлеринин оорусу боюнча атайын адистерден турган комиссия иштеп жатат. Чет мамлекеттен маселени чечүү үчүн адистерге кайрылганбыз. Жакын арада бул боюнча маалымат берилет", - деди биринчи вице-премьер.

Ошондой эле медицина кызматкерлери тууралуу мурунку брифингде айтылган сөздөрү боюнча төмөнкүдөй толуктоо киргизди.
"Мен буга чейин брифингде медицина кызматкерлеринин ооруп калганы тууралуу айткан элем. Аны айрым кызматкерлер өзүнө алып алган учур болуп жатат. Мен бирөөнүн аты-жөнүн, купуя сырын атаган эмесмин. Маалыматты бергенимдин негизги максаты, медицина кызматкерлерге чара колдонуп, алардын оорусун ашкерелөө болгон эмес. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан кызматкерлердин келечекте андай маселеге чалдыкпай, милдеттерин так аткарып жүрүшсө деген ой болчу. Ал эми жалпы медицина кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сурайм. Эгер ошол маалымат сиздердин аброюңуздарга шек келтирген маалымат катары кабыл алынса, кечирим сурайм. Штабдын башчысы катары мен медицина кызматкерлери менен тыгыз иштешип, алардын кандай эрдик менен иштеп жатканын көрүп жатам", - деди Боронов.

Эске салсак, 8-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр онлайн жыйын учурунда "Ошто инфекциялык ооруканадагы дарыгер ооруну умрадан келген кошунасынан жуктуруп алып, кийин кесиптештерине жуктурган" деп айткан. Ал маалымат коомчулукка тараган соң Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер "Бизге жалаа жабышпасын, эч ким, эч кандай ажы тойго барган эмес" деген нааразычылыгын билдирип, бийликке кат жолдошкон. Ага улай коронавирус жуктуруп алды делген дарыгердин ага кур доомат коюлуп жатканын айткан жеке каты жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.04.2020. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Актанып журуп кырылып бутот окшойбуз,Баары эле суттон ак кимисине ишенееринди билбейсин, журналисттер жыргап эле калды тутогон отко май чачып, корунгон кабарды жаза берип кичине азыраак жазгылачы ушул атын очкур вирусту, элдер вирустан эмес депрессиядан олмой болду кырылып!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: