super.kg logo

ТЕСТ: Карантинде жатып бардык кинолорду көрүп койдуңузбу? Анда "Мен кайрылып келем", "Атың ким чырагым?" цитаталар кайсы тасмаларда жаңырат билесизби?

 

Дээрлик жарым айдан бери үйдө жатып тасмаларды биринин артынан бирин көрүп жаткан болсоңуз керек. Ар бир тасмадан башкы каарман айткан сөздөр, цитаталар, тамашалар көрүүчүнүн эсинде калат. Төмөндөгү тесттен өтүп белгилүү цитаталар кайсы тасмаларга таандык экенин табыңыз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

"Уурдадың, ичтиң – түрмөгө түштүң! Мына сага, романтика!"

Тасманын режиссёру Александр Серый мушташа кетип бир адамды майып кылып койгондугу үчүн 5 жыл түрмөгө отуруп, ал жактагы жашоону көрүп чыккан. Тасмада кылмышкерлер колдонуучу сөздөрдү Серый өзү айтып берген.

Кийинки суроо


"Кавказ туткуну"
"Операция "ы"
"Ийгиликтин мырзалары"

Белгилүү "Мен кайрылып келем" ("I’ll be back") сөзү кайсы тасмада айтылат?

Бул сөздөр бир нече бөлүк менен чыккан белгилүү "Терминатор" тасмасында башкы каарман Арнольд Шварценеггерге таандык.

Кийинки суроо


"Терминатор"
"Матрица"
"Коммандо"

"Өзүңөрдүн үйүңөрдөгүдөй сезгиле, бирок конокто экениңерди эстен чыгарбагыла" деп үйдүн кожоюну кайсы тасмада айтат?

Бул цитата белгилүү советтик "Афоня" тасмасында жаңырат.

Кийинки суроо


"Афоня"
"Ийгиликтин мырзалары"
"Кавказ туткуну"

"- Кудайда эмгек өргүү деген болбойт! - А сен орто кылым тууралуу уккансыңбы?" бул диалог кайсы кинодо орун алган?

Комедиялык жанрдын падышасы аталган Жим Керри башкы ролду жараткан "Кудуреттүү Брюс" тасмасында Кудай менен болгон маекте дал ушул сөздөрдү айтат.

Кийинки суроо


"Кудай болуу кыйын"
"Час пик"
"Кудуреттүү Брюс"

Тамаша иретинде мурдагы совет өлкөлөрүндө көп колдонулган "Мен күнөөлүү эмесмин, ал өзү келген" сөздөрүн кайсы тасмадан уккансыз?

Белгилүү совет режиссёру Леонид Гайдайдын "Бриллиант кол" комедиялык тасмасында Юрий Никулин менен бирге шарап ичип, эс алып олтурган кыз Никулиндин аялы бөлмөгө кирип келгенде жогорудагы сөздөрдү айтып актанат.

Кийинки суроо


"Кавказ туткуну"
"Бриллиант кол"
"Сүйүү жана көгүчкөндөр"

Абакка түшүп калган Энди Дюфрейн "Сен билбейсиңби? Биз баарыбыз күнөөлүү эмеспиз" деп кайсы тасмада айтат?

1994-жылы АКШда жарык көргөн "Шоушенктен качуу" тасмасында башкы каарман Энди Дюфрейн абакка түшүп калат. Акылдуу жана токтоо Энди темир тор ичинде отургандар жана ал жакта иштегендер менен бат эле тил табышып алат.

Кийинки суроо


"Шоушенктен качуу"
"Костолом"
"Мыйзамдарга баш ийген жаран"

Бул тасма чыккандан кийин жигиттер кыздар менен "Атың ким чырагым?" деп тааныша башташкан.

"Курманжан датка" тасмасында Алымбек датка бойго жеткен Курманжан менен алгачкы жолу дал ушинтип таанышат.

Кийинки суроо


"Боз салкын"
"Саякбай"
"Курманжан датка"

"Демек бүгүн 32-декабрь" кайсы мультипликациялык фильмдеги ханбийкенин сөздөрү?

Бала кезде көпчүлүк сүйүп көргөн "12 ай" тасмасында, эрке ханбийке ага бир себет толо жоогазын гүлүн алып келишмейинче жаңы жыл болбой тургандыгын айтат.

Кийинки суроо


"Үйдө жалгыз"
"12 ай"
"Күлала"

"Ар кимдин өз кемчилиги бар" бул сөздө белгилүү актриса Мэрилин Монро катышкан кайсы тасмадан алынган?

Белгилүү комедиялык "Джазда кыздар гана" тасмасында бул сөздөр айтылат.

Кийинки суроо


"Тутси"
"Кыздар жатаканасындагы балдар"
"Джазда кыздар гана"

Кыргыз киносунун классикасына айланган кайсы тасмада "Сөз таппасаң мөөрөп кутул" деген сөз айтылат?

Белгилүү саясатчы, режиссёр Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" тасмасында Бегимайдын сулуулугуна, жаштыгына суктанган Раймаалы акын ага күү менен жооп берип жаткан мезгилде элдин арасынан бирөө ага тийишип, жогорудагы сөздөрдү айтат.

Кийинки суроо


"Кожожаш"
"Кызыл алма"
"Махабат дастаны"

"Мен такыр күйөөгө тийбей эле коёюн деп чечтим. Кааласам халва жейм, кааласам таттуу токоч жейм". Бул белгилүү цитата кайсы советтик тасмада жаңырат?

Белгилүү советтик "Кыздар" тасмасындагы башкы ролдогу Тося Нина менен сүйлөшүп жатып, ал күйөөгө тийбейм деп чечкенин айтат.

Кийинки суроо


"Москва көз жашка ишенбейт"
"Кыздар"
"Операция "ы"

"Жашоо бул кутучадагы момпосуйлар сыяктуу. Сенин колуңа кандай момпосуй тиерин эч качан билбейсиң" кайсы тасмада минтип жашоону момпосуйларга салыштырат?

Аталган цитатаны "Форрест Гамп" тасмасында башкы ролду жараткан белгилүү актёр Том Хенкс айткан.

Кийинки суроо


"Уолл-стриттик карышкыр"
"Виллини коё бергиле"
"Форрест Гамп"

Кайсы комедияда жигит сүйлөшкөн кызына "Таарындыңбы турна баш?" деп суроо салат?

"Курут" комедиясында дайыма көчө тилинде сүйлөгөн башкы каарман сүйлөшкөн кызы ага таарынып калган учурда дал ушинтип суроо салат.

Кийинки суроо


"Напарниктер"
"Бир тууганчики"
"Курут"

"Хьюстон, бизде маселе бар!" бул цитата жаңырган кинону көрбөгөн адамдар дээрлик жок болсо керек.

Кандайдыр бир күтүүсүз маселе жаралган учурда айтылуучу бул сөздөр белгилүү "Аполлон-13" тасмасында жаңырат.

Кийинки суроо


"Эгемендүүлүк күнү"
"Аполлон-13"
"Жан сакчы"

"Дагы эмнең кайнап калды?" Бул сөздөр Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган кайсы тасмада жаңырат?

"Ак баранын көз жашы" тасмасында Бостон Базарбай менен урушуп, үйдөн узап бара жаткан кезде Базарбайдын аялы ага чай кайнап калганын, чай ичип кетүүсүн айтат. Ошол маалда Базарбай аялын сөгүп туруп чаап жиберет.

Кийинки суроо


"Ак кеме"
"Эрте келген турналар"
"Ак баранын көз жашы"

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(15)
14.04.2020. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
47
15.04.2020. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
87 бал.9,13таппай калдым:)))
15.04.2020. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
94
15.04.2020. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
94
15.04.2020. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Суроону окубай туруп кадрларды карап туруп эле баса берсен да 100 балл болот экен. Тест болгондон кийин подсказкасын кошо чыгарбагыла да.
15.04.2020. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
satyke,меники да 100балл.суротторунон эле таптым. Кээ бир сөздөр эсимде жок экен
15.04.2020. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
94 балл
15.04.2020. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
94
15.04.2020. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
80 минус баскыла
15.04.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
100
15.04.2020. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
996 балл,200%,0 ката жооп,100 туура жооп)))),минустар алгааа!!!
16.04.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
87
26.04.2020. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
94
05.05.2020. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
54
26.05.2020. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
34
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: