super.kg logo

Лейлектеги Кулунду айылында тажик чек арачылары эмне себептен жүргөн? Чек ара кызматы билдирүү таратты

 

Тажикстан Республикасынын чек арачылары Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагындагы Раззаков айылында кеңири басып жүрүшөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 15:10до Тажикстандын чек ара өкүлдөрү Кыргыз-Тажик чек ара өкүлдөрүнүн болбой калган жолугушуусунан кайтып келе жатышкан.

"Жолугушууда COVID-19 вирусу тарап кетпөөсүн алдын алуу маселелерин кароо пландаштырылган болчу. Бирок жүйөлүү себептер менен ал жолугушуу 14-апрель саат 15:00гө жылдырылган. Аны Тажикстан Республикасынын Ганчи-Дж Расул тилкеси боюнча чек ара өкүлү өзү баштап келе жаткан. Ошол эле учурда тажик аскер кызматкерлери куралсыз жүрүшкөн. Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлчүлүк аппаратынын жүрүү багыты кыргыз тарап менен алдын ала макулдашылган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын бардык периметриндеги кырдаал туруктуу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.04.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кулака лапшаны илдиңер ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-14 12:45:40
14.04.2020. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корбу булар куралы жок дейт куралчан жургонго шагалды токкондо Кыргызстана жардам кылып токтубу калпты окшоштургула бул калпынар окшошбой калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: