14-апрелге карата коменданттык саатта 46 жаран кармалды. Ош шаары, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда тартип бузгандар катталган жок
14-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору, Ош шаарынын, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 46 жаран жеткирилип, 9 унаа атайын жайларга токтотулду.
Бишкек шаары боюнча - 40;
Жалал-Абад шаары боюнча – 6;
Ал эми Ош шаары, Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2 миң 518 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.