30-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 586 миллион метр кубду түздү
30-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 586 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 454 метр куб, суунун агып чыгышы 219 метр кубду түзүүдө. 2012-жылы бул маалда суу сактагычта 17 миллиард 342 миллион метр куб суу бар болчу. Ал эми суунун агып кириши 504 куб метрди, агып чыгышы 348 куб метрди түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

