super.kg logo

Коронавирус жуктургандардын арасында оорусу тууралуу угуп, психологдун жардамына муктаж болгондор бар

 

Бүгүн, 15-апрелде өлкө боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын саны 449га жеткенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-маалымат берип жатып айтты. Анын ичинен 78 адам айыгып чыккан.

Үсөнбаевге "Бейтаптардын психологиялык абалы кандай? Аларга психологдун жардамы керек болсо жардам берилеби?" деген суроо берилди.

"Ооба, туура суроо. Айрым бейтаптар депрессия болуп жатат. Айрымдары оорусу тууралуу укканда өтө чочубай кабыл алышат. Анткени кээ биринде оорунун белгилери көп байкалбай өтөт. Арасында кимге психологдун жардамы керек болсо, аларга мындай жардам көрсөтүлүп жатат. Сутка ичинде 981 адамга изилдөө жүргүзүлгөн", - деди министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: